Токмок шаарында жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Чүй ОИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-ноябрга караган түнү саат 03:30 чамасында болгон.
"Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1986-жылы туулган жаранды сүзүп алып, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө адам алган жаракатынан улам каза тапкан", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин алкагында шектүү катары 1999-жылы туулган айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле анын унаасы айып короого токтотулганы кошумчаланды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.