Бишкекте бир катар уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Д.Б. аттуу жаран Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 22:00 чамасында кичи автобустардын биринен 33 миң сом турган Poco x3 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдатып жибергенин билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
"Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1992-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталды", - деп айылат маалыматта.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандан 3 даана уюлдук телефон, анын ичинде жабырлануучунун мурда уурдалган уюлдук телефону табылып, алынган.
"Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(707) 75-75-51, 0(509) 26-26-69 же 102 телефондоруна кайрылыңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.