"Адамдар эвакуацияланып". Сокулукта окуучу өзүнүн мектебинде бомба коюлганын айткан. Ал кармалды

Сокулуктагы Алымкул Жакшылыков атындагы орто мектепке бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, №1 мектептин аймагы курчоого алынып, мектеп окуучулары менен мугалимдер эвакуацияланган. Бирок бомба табылган эмес.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары аталган мектептин окуучусу 2007-жылы туулган К.М.Э. экени такталып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Милиция "атайылап жалган маалымат берүү" беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алып келерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан