Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу министрдин орун басары болду

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тун уулу Ахмат Кадыров республиканын спорт министринин биринчи орун басары кызматына келди. Бул тууралуу Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудов телеграм каналына жазды.

"Мен сүйүктүү жээним Ахмат Кадыровду Чечен Республикасынын Дене тарбия министринин биринчи орун басары кызматына дайындалышы менен чын жүрөктөн куттуктайм", - деп жазды Магомед Даудов.

Ал ошондой эле 18 жаштагы Ахматтын бул жооптуу кызматка дайындалышы министрликтин ишинин деңгээлин жана сапатын жогорулатууга жардам берерин кошумчалады. Анын айтымында, Кадыровдун уулу бул жаатта көп иштеп, жаштарга ар тараптан колдоо көрсөткөн.

Кошумчалай кетсек, ал өзү спортчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан