Бишкекте чөнтөк уурулук фактысына шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрда Биринчи Май РИИБге Т.К. аттуу жаран ошол эле күнү кичи автобустан 11 миң 500 сом акча салынган капчыгын уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда бир нече жолу соттолгон 1996-жылы туулган М.Б. жана 1995-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүүлөрдүн биринен мурда уурдалган акча салынган капчык табылып, алынган. Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси барбы-жокпу такталууда.
"Чөнтөкчүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(706) 102-102, 0(700) 89-01-10 же 102 телефондору аркылуу байланышса болот", - деп айтылат билдирүүдө.