Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда эки унаа кагылышып, бир адам мерт кетти

Ош-Баткен-Раззаков жолунда эки унаа кагылышып, бир адам мерт кетти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-ноябрда Баткен ОИИБ боюнча ЖКККББнын маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрь саат 21:30 чамасында Кадамжай району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 175-чакырымында Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын тургуну 1996-жылы туулган Б.у.М өзүнүн Ваз-2107 үлгүсүндөгү автоунаасы менен карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну 1962-жылы туулган Б. Анын Ваз-21214 үлгүдөгү унаасын сүзүп, жол кырсыгына кабылды.

Ваз-2107 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын тургуну 1996-жылы туулган Б.М денесинен алган жаратынан улам Кадамжай аймактык ооруканасына жетпей каза болгон. Ал эми кырсыктан 2 жаран денелеринен жарат алышып Кадамжай аймактык ооруканасына жеткирилген",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан