Санкт-Петербургда 30 жаштагы кыргызстандык ок чыгарды

Санкт-Петербург шаарындагы барда ок аткан деген шек менен кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Санкт-Петербург шаарындагы Просвещения проспектисинде жайгашкан барлардын бирине аны киргизбей коюшкан. Андан соң ал травматикалык тапанчасын алып чыгып ок чыгарган. Көп өтпөй ал полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тартип сакчылары ок аткан 30 жаштагы Кыргызстандын жараны экенин аныкташкан.

Учурда полиция окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан