АКШнын президенти Жо Байден кайрадан вице-президент Камала Харристи мамлекет башчы деп айтып алды. Бул тууралуу РБК жазды.
"Президент Харрис бул жерде биздин туура иш кылганыбызга ынануу үчүн келди", - деген ал Ак үйдө хоккейчилер менен жолугушууда.
Буга чейин Байден Харристи кеминде алты жолу "президент" деп атаган. 2022-жылдын октябрында Байден Харристи туулган күнү менен куттуктап, аны "сонун президент" деп айткан.