Сузактын Соку-Таш айылында 21 жаштагы Адилет Кадырбек уулу дайынсыз жоголду

Сузак районунун Соку-Таш айылында 2002-жылы туулган Адилет Кадырбек уулу дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Мазар-Булак айылынын тургуну 2002-жылы туулган Адилет Кадырбек уулу 4-ноябрь күнү Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Соку-Таш айылындагы таенесинин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Адилет Кадырбек уулунун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 170-175 см, өңү ак жүздүү, көзү кара, чачы кара кыска, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү спорттук костюм, астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда көк түстөгү кроссовка болгон.

Өзгөчө белгилери: Угат, бирок сүйлөй албайт.

Жогорудагы жарандын жүргөн жери тууралуу маалыматыңыз болсо 102, (03748) 5 02 09, 0995 77 02 12, 0771 77 02 12 телефон номурлары аркылуу кабарласаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан