Бишкекте акча уурдоого шектүү үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-октябрда М.З. аттуу калаа тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучу ошол эле күнү унаасынан банктык картасын уурдатып жибергенин айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шылуундар картанын ичинен 20 миң 700 сом акча каражатын сарптаганга үлгүргөн.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган А.С., 1999-жылы туулган Т.С., 2000-жылы туулган Ж.Э. аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.