Индиянын Нью-Дели шаарын кайрадан уулуу, коюу ыш каптады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, абада коркунучтуу булгоочу заттардын концентрациясы нормадан 20 эсе жогору болгон. Адистер мындай көрсөткүчкө жетүүсүнө Дивали майрамы себеп болушу мүмкүн экенин айтышат.
Белгилей кетсек, 12-ноябрда аталган өлкөдө Дивали майрамы белгиленген. Анда жергиликтүү тургундар шам жагып, фейерверк жана петарда атуу менен майрамдашкан.