Нарында 53 жаштагы жаран дайынсыз жоголгон. Аны Нарын дарыясынан издешүүдө (фото)

Нарын шаарында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жаран изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Учурда куткаруучулар шаарды аралай аккан Нарын дарыясынын жээктеринен, аралдардан карап жатышат.
Белгилей кетсек, шаар тургуну 11-ноябрь күнү болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендиги тууралуу маалыматты туугандары билдиришкен. Мындан улам кечээ, 13-ноябрда жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Нарын райондук ӨКБдан 20 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 2 адам тартылган.
Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан