Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Беларусь президенти Александр Лукашенкого 23-ноябрда Минскиде өтө турган ЖККУ саммитине катышпай турганын билдирди.
"Премьер-министр Пашинян Беларусь президентине жыйынга катыша албасын айтып, ЖККУнун өнөктөштөрү бул чечимди түшүнөт деген үмүттө экенин билдирди", - деп айтылат армян өкмөтүнүн Telegram-каналында.
Белгилей кетсек, октябрда Пашинян КМШнын Бишкектеги саммитине да катышкан эмес.
Буга чейин, 25-октябрда Никол Пашинян ЖККУ менен Орусиянын союздаштык милдеттенмелерин аткарып жатканына нааразылыгын билдирген.