Биз социалдык тармакта

УКМК дагы бир Facebook колдонуучусун Москвадан кармады

Москва шаарында УКМК тарабынан массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда атайын кызматтын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта кармалган жаран 1986-жылы туулган К.Н. аттуу Фейсбук социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу экени айтылат. Орусиянын аймагында кармалган жаран Кыргызстанга алынып келинген.

Ал 20-ноябрга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан