
Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон 7 жаштагы кыз кызматтык иттин жардамы менен табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 26-октябрында болжол менен саат 23:00 чамасында 102 кызматына Аламүдүн районунун Маевка айылында 7 жаштагы кыз жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Кызды издөөгө ыкчам-тергөө тобу тартылган.
Билдирүү боюнча окуя болгон жерге ИИМдин Кинология борборунун тескөөчү-кинологу Эрмек Жумамүдүнов жыт аркылуу адамдарды издеген Ора аттуу кызматтык ити менен келген. Бир нече тилкени тинтиген ит кинологду жолдун жээгиндеги бадалдардын жанына алып келген. Ал жерде тоңуп, коркуп отурган жогорудагы кыз табылган.
"Жоголгон кызды ит тапкан. Кызматтык ит кыздын кийиминдеги жыт аркылуу изине түшкөн. Табылган кыз туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти ИИМден.