"Мен ооруйм". Нарында элдин көзүнчө эле жаш кызды сабаганга шектүү кармалды

Нарын шаарында банкоматтын жанынан кызды сабаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, облустук милицияга арыз менен 2003-жылы туулган кыз кайрылган. Арызында ал Нарындагы "Чолук-Ата" соода борборунун ичиндеги банктын жанынан кезек күтүп жаткан жаран сабап салганын билдирген.

Кызга дароо соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталган.

Анын алкагында бул кылмышка шектүү катары Орто-Нура айылынын 1992-жылы туулган тургуну кармалган.

SUPER.KG порталына окуяга күбө болгондор билдиришкендей, шектүүнү милиция кызматкерлери кармоо үчүн келгенде ал "Мен ооруйм" деп кыйкырып, жолго жатып алган.

Нарында кезек күткүсү келбеген жаран кызды сабап салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан