Чүйдө жаранды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 14-ноябрь күнү болжол менен саат 19:20 чамасында айланма унаа жолунда болгон. Анда 1975-жылы туулган С.Э. аттуу жөө жүргүнчүнү белгисиз автоунаа сүзүп, айдоочусу качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү жол кырсыгы болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча айдоочуну ыкчам кармоо иш аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, шектүү катары 1965-жылы туулган М.Т. аттуу жаранды кармашкан. Андан ары шектүүнү тийиштүү чара көрүү үчүн тергөө кызматына жеткиришкен.

Ал эми Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан