Кыргызстанда бир суткада 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган.
Анда Чүй облусунда 7, Ош облусунда 5, Бишкек шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Чүй облусунун Чүй районундагы Он-Бир-Жылга айылында сарайда 1000 түк чөп күйгөн.
Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районунда жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры, 100 чарчы метр бөлмөсү жана жер төлөсү жана жанаша жайгашкан турак үйдүн 192 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда.