"50 миң сом бергиле болбосо...". Бишкекте бомба тууралуу кабарлаган эки окуучу кармалды

Бишкекте бомба тууралуу жалган маалымат берген мектеп окуучулары кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 14-ноябрь күнү саат 14:30дар чамасында 102 кызматына Койбагарова көчөсүндө жайгашкан гимназиянын мугалимдеринин бирине WhatsApp аркылуу белгисиз номурдан: "Саламатсызбы, сиздин мектеп NDM тобу тарабынан миналанган. Адамдарды эвакуациялоого 20 мүнөтүңүз бар, болбосо алар куткарылбайт" деген билдирүү келген.

Ал жерге дароо райондук башкармалыктын жетекчилиги жана тергөө тобу барышкан. Жеринде ИИМдин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө шектүү жана жарылуучу заттар табылган эмес.

Аталган факты маалыматты каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2009-жылы туулган М.Н. жана М.А. аттуу мектеп окуучулары аныкталып, тергөө кызматына жеткирилишкен.

Окуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган куракка жете электигине байланыштуу ата-энелерине өткөрүлүп берилип, мындан ары мындай фактыларды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан