Ошто Пробация департаментинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош облусунда Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин кызматкери пара талап кылып, паранын жарым бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, милицияга Кара-Суу районунун тургуну 1997-жылы туулган С.уулу Б. арыз менен кайрылган. Анда ал Пробация департаментинин Ноокат райондук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А. “пробациялык көзөмөлдү узартамын” деп коркутуп, 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылганын билдирген.
Жогорудагы факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.
13-ноябрда Ош шаарынан талап кылып жаткан акчанын жарым бөлүгүн алып жаткан учурда жетектөөчү адиси кармалган. Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына кармалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан