Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыяланды

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Ройго (Мурда Орозахун Сайдазимов, Чалдовар айылында туулган, учурда Орусиянын жараны, К.Асанбектин өкүл атасы) кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгү (Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү) боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылган.

"Эми Азим Рой Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгендиги такталды. Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Рой издөөгө алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жатат “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 миллион долларын түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган. Муну менен катар Азим Рой менен Көлбаевдин жалпы каржы иштерин биргелешип башкаруунун башка фактылары да аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан.

Тактап айтканда, Азим Рой Бишкектин престиждүү жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион долларды түзгөн кымбат батирди сатып алып, жубайы Н.З.Х. атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде Камчы Көлбаев жашап келген. Ошондой эле Азим Ройдун дагы Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде Көлбаевдин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр, 2 миллион доллар түзгөн дача үйгө ээлик кылган. Андан тышкары, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да Азим Ройго таандык болгон.

Учурда Азим Ройго издөө жарыяланып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы адамдын жүргөн жери тууралуу маалыматы барлар болсо, УКМКнын 0312 66-04-75, 0312 62-65-04 телефондору аркылуу кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан