Алымкадыр Бейшеналиевдин төрагалыгы алдында КМШ мамлекеттеринин кызматташуу кеңешинин XXXVI жыйыны өтүүдө

Бишкекте саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин төрагалыгы алдында КМШнын Саламаттык сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин XXXVI отуруму өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин медициналык коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.

"Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык кеңеши бүгүнкү күндө өзүнүн актуалдуулугун жана натыйжалуулугун далилдеген саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык диалогдун алдыңкы жана туруктуу платформасы бойдон калууда. Буга акыркы жылдардагы чакырыктар өбөлгө түздү. Бул бардык мамлекеттер туш болгон пандемия. Анын катарында дагы эле олуттуу жана актуалдуу маселе болуп саналган жугуштуу эмес оорулар да бар. Бул биз туш болуп келе жаткан социалдык илдеттер, бүгүнкү күндө биз аларды жеңип жатканыбыз менен, мааниси дагы эле жогору экени сезилип турат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан