Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун уулу Адам Кадыров 1-даражадагы “Ислам динине кызматы үчүн” орденин алды. Бул тууралуу Чечен Республикасынын маалымат жана басма сөз министри Ахмед Дудаев телеграм каналына жазды.
"Чечен Республикасынын биринчи президентинин небереси буга татыктуу жана Кудайдан коркот! Сизди дагы бир сыйлык алышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм!”, - деп жазган Дудаев.
Бир айдын ичинде Кадыровдун уулу ушуну менен алты сыйлыкка жана Чеченстандын башчысынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы кызматына ээ болду.