Бүгүн, 15-ноябрда Кыргызстанга Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, делегацияны "Манас" эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.
Белгилей кетсек, 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындары өтөт.