16-17-ноябрда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, сессиянын алкагында КМШ ПААнын кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отуруму өтөт.
Андан тышкары, саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча, социалдык саясат жана адам укугу боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындары болот.
Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияларга катышат.
Белгилей кетсек, Бишкекке Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандан делегациялардын келиши күтүлүүдө.