Бүгүн, 16-ноябрда Беларустун Улуттук жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова баштаган жана Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян баштаган парламенттик делегациялары Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Кырыз парламентинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, сыйлуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Белгилей кетсек, бүгүн жана эртең Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындары өтөт.