Кылмыш чөйрөсүндө “Коён” делген каймана аты бар Ош облусунун Кара-Суу районунун Н.М. аттуу 1995-жылы туулган тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Буга чейин ал 4 жолу соттолгон. Быйыл эле башка кылмыштарга шектүү катары бир нече ирет кармалып, сот үй камагына чыгарган", - деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми бул ирет ага карата Ош облусунун эки тургуну арыз жазып, чара көрүүнү суранышкан.
Алардын бири октябрь айында Лексус ЕС үлгүсүндөгү автоунаасын 27 миң АКШ долларына баалап алып, акчаны убадалаганы менен изин жашырып кеткен. Жыйынтыгында шектүү автоунааны 25 миң долларга башка адамга сатып жибергени аныкталды.
Экинчи арызда 2 даана КИА-Соренто үлгүсүндөгү унааны сатып алам деп 45 миң АКШ долларга баалаганы, ишеничтүү болуу үчүн 60 даана Айфон 14 жана Айфон 15 үлгүсундөгү телефондорун таштап кеткени жазылган. Унаалардын ээси акчаны кечиктирип жаткандыктан, кутулардын ичин ачканда 3 даана кебезге оролгон болт болгон.
Бул кылмыш иштерине шектүү катары Ош шаарынын 2002-жылы туулган К.С. аттуу аял да кармалган. Ошондой эле бул кылмыш ишине бир нече адамдардын дагы тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда мындай жасалма телефондор дагы кайсы аймактарга таратылгандыгы боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүп жатат.