Тажикстандын президентинин уулу Бишкекке келди 

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргызстанга Өзбекстандын Олий мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева жана Тажикстандын Мажлиси Оли Маджлиси милли төрагасы Рустам Эмомали баштаган парламенттик делегациялар келишти. Бул тууралуу Кыргыз парламентинин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалымдалгандай, делегацияларды "Манас" эл аралык аэропортунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

Белгилей кетсек, парламенттик делегациялар бүгүн жана эртең Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясынын ишине катышуу үчүн келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан