"Кардарларын үй менен камсыздаган". Бишкекте баңги каражаттарын саткан жаран кармалды

Бишкекте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына калаадагы Октябрь районунда баңгизатын сатуучу жай уюштурган жаран боюнча билдирүү түшкөн.

Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ш.И. аттуу шектелген жарандан баңгизаты сатылып алынган, ал соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлүп, анын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген зат синтетикалык маңзат Альфа PVP болуп келип чыккан.

"Андан соң Ш.И.нин жашаган жеринен дароо тинтүү жүргүзүлүп, 2 даана өлчөмүндөгү өзгөчө жыты бар заты бар сары түстөгү ысыкта жыйрыла турган баштыктар, ошондой эле алдын ала ар кандай керектүү шаймандар табылган. Жогоруда аталган наркотикалык препараттын түрү (Альфа PVP) менен толтурулган жана колдонууга даяр, 20-30 доза өлчөмүндө. Мындан тышкары, батирде баңгизат колдонуучулар болгон, алар көп убакыттан бери батирдин ээси (Ш.И.) аларга баңгизатын сатып, колдонуусу үчүн үйү менен камсыздап келгендигин айтышкан. Алынган заттар таңгакталып, мөөр басылып, соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Райондук башкармалыктын тергөө кызматына 1979-жылы туулган Ш.И. аттуу жаран жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Бишкек ШИИББнын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан күн сайын баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды таратуунун мындай туруктуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу борбор калаанын жарандары жана коноктору, кандайдыр бир маалымат болсо, 24 саат бою байланышта болгон 102 кыска номуруна чалсаңыздар болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет", - деп айтылат билдирүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан