2010-жылы Жалал-Абадда массалык башаламандык уюштургандардын лидерлери кармалды (видео)

2010-жылдын июнь окуясында Жалал-Абад шаарында массалык башаламандыктарды уюштургандардын лидерлери жана уюштуруучулары деген шек менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кармалган жаран Сузак районунун Таш-Булак айылынын аймагынын Г.Т. аттуу тургуну экени аныкталды. Ал 2010-жылдын июнь айында Сузак районунун аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга активдүү чакырып, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири болгон.

Ошондой эле ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Р.А. аттуу жарандын сепаратисттик иштерге тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар табылган. Ал 2010-жылдагы июнь окуясында Сузак районундагы “Круговое” деп аталган жер тилкесине жооптуу болгон.

Р.А.нын жашаган жерин тинтүү учурунда 6,5мм калибрлүү 1 - “SAKO TRG-22” снайпердик мылтык (дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө атайын күчтөрдүн бөлүктөрүндө колдонулат) “Prazise Jagen” оптикасы жана “Pulsar” түнкү көрүү аппараты менен 1 – “SAUER 101” карабини (мылтык), 1 - 12 калибрдүү жылмакай көздүү курал “FABARM XLR”, ошондой эле алар үчүн 76 даана ок табылып алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

2010-жылы Жалал-Абадда массалык башаламандык уюштургандардын лидерлери кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан