Республикада соңку суткада 12 өрт кырсыгы катталды

Республика аймагында сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти .

Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.

"Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Биримдик конушунда турак үйдүн бөлмөсүнүн 65 чарчы метр ички жасалгасы, үй эмеректери толугу менен күйгөн.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик айылында короодо жыйылган 800 түк чөп күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан