"Үйүн лаборатория кылып алган". Сузакта бир нече жолу соттолгон жарандын үйүнөн 35 килограмм марихуана табылды

Жалал-Абадда мурда бир нече жолу соттолгон жарандын үйүнөн 35 килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери Сузак районунун аймагында “М” аттуу жаран баңгизат каражаттарын мыйзамсыз колдонуп, үйүндө сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалыматтарды алышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин ( Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү жаран Сузак районунун Ленин айыл аймагынын тургуну 1958-жылы туулган Г.М. экендиги аныкталып, анын жашаган дарегине БМЖКККнын Кинология борборунун “Макси” каймана аттуу кызматтык ити менен тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда Г.М. үйүн лаборатория сыяктуу кылып алгандыгы белгилүү болгон. Үйүнүн бөлмөсүнөн 17 даана коробкага салынган жашыл күрөң түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат, 8 даана банканын ичине салынган жашыл түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат, 2 даана пакеттин ичине салынган тамекиге оролгон зат, үйүнүн короосундагы сарайынын ичинен 10 даана коробкага салынган жашыл күрөң түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат табылып алынган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, тинтүү учурунда алынган баӊгизатты 35 килограмм 581 грамм салмактагы марихуана баӊгизаты экендиги аныкталган.

Г.М. буга чейин бир нече жолу соттолгондугу, 2018-жылдан бери “Йакын-Инкар” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү катарында каттоодо турары белгилүү болду.

Шектүү Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан