ЖОЖду кызыл диплом менен аяктагандарды жумушка алууда артыкчылык берүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жогорку окуу жайларын кызыл диплом менен аяктаган жарандарга өзгөчө артыкчылыктары менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кирүү мүмкүндүгүн берүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору 15-ноябрда парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи депутат мыйзам долбоору жаш адистердин билим алуусуна шарт түзүү жана кадрлардын өлкөдөн кетишин болтурбоо максатында иштелип чыкканын белгилейт.

"Жогорку билим алышкан жаш адистер көпчүлүк учурларда өлкөбүздө ийгиликтүү карьера кура аларына үмүт кылбай, башка өлкөлөргө жумуш издеп кетип жатышат, себеби алар ийгиликтүү мансапты камсыз кылууга тааныштар чечүүчү роль ойнойт деп эсептешет.

Чынында эле айрым учурларда ЖОЖду кызыл диплом менен аяктаган жаш адистер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кирүүдө көйгөйлөргө кабылышат. Тактап айтканда, талапкерлерди тандоодо анын кызыл дипломуна карабай, башка адис тандалып калат. Ошентип жаш жарандарыбыздын кесипкөйлүккө каралып, адилеттүү дайындалышына болгон ишеними жоголот да, келечегин татыктуу баалай турган чет өлкөлөрдөн иш издөөгө мажбур болушат. Ошондуктан ЖОЖдорду кызыл диплом менен аяктаган жарандарга өзгөчө артыкчылыктары менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кирүү мүмкүндүгүн берүүнү сунуштап жатабыз", - деп жазылат документте.

Киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык, жогорку окуу жайын артыкчылык менен аяктаган жарандарды кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизүү сунушталып жатат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына өтүүдө талапкерлерди тандоодо артыкчылыктуу абалга ээ болот.

“Мындай шарттар өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн билим алууда мыкты көрсөткүчтөргө жетүүгө умтулуусуна стимул түзүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык дарамети жакшырат жана кандайдыр бир деңгээлде жаш адистердин өлкөдөн чыгып кетиши токтотулат деп болжолдойбуз”, - деп айтылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан