Казакстанда 20-миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 14-ноябрда таңкы саат 8:10до төрөлгөн 5 бала өлкөнүн 20 миллионунчу тургуну болгон. Алардын арасында 3 эркек, 2 кыз болгон. Наристелер Улытау, Жетису, Атырау, Акмола, жана Түркстан облустарында жарык дүйнөгө келген.
Бул кубанычтуу жаңылыкты, президент Касым-Жомарт Токаев тивиттердеги баракчасына жарыялаган.
"Казакстандын калкы 20 миллионго жетти! Мекендештеримди бул маанилүү окуя менен куттуктайм! Бактылуу үй-бүлө – улуттун бакубаттуулугунун жана өлкөнүн туруктуу прогрессинин негизи. Мамлекет үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, энеликти жана баланы коргоо боюнча иштерди улантат", — деп жазган президент.
Эске сала кетсек, Казакстандын 19-миллионунчу жараны мындан 2 жыл мурун август айында төрөлгөн.