Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, жолугушууда Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду.
Нурланбек Шакиев узак жылдардан бери достукка жана өз ара ишенимге негизделген эки мамлекеттин мамилесин өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыкка ээ экенин белгилеп, өткөрүлүп жаткан жолугушуу өнөктөктөштүктү мындан ары да өрчүтүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенерин билдирди.
Ошондой эле төрага парламенттер аралык байланыштарга токтолду.
“Парламенттик дипломатия эки тараптуу мамилелерга байланышкан актуалдуу маселелерди чечүүдө маанилүү роль ойнойт. Андыктан эки тараптуу алакаларды кеңейтүү менен катар КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчалардагы кызматташтыкты арттыруубуз кажет”, – деп кошумчалады ал.
Муну менен катар жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар тууралуу да сөз болду. төрага Нурланбек Шакиев эки өлкө ортосундагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү зарылчылыгына токтолду.
Андан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтыкка тиешелүү маселелер да көтөрүлүп, билим берүү жаатында биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жигердүү улантуу зарылчылыгы айтылды.
Өз кезегинде Валентина Матвиенко эки өлкөнүн алакасы динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттик диалогдун алкагында талкуулана турган негизги маселелерге токтолду. Айрыкча КМШ ПААнын жана Парламенттер аралык комиссиянын деңгээлиндеги өнөктөштүктү активдештирип, тармактык комитеттердин ортосундагы алакаларды да арттыруу керектигин билдирген Валентина Матвиенко эки өлкө ортосундагы жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик контролдун ролу чоң экенин белгиледи.
Ошондой эле акыркы жолу Кыргызстанга 2017-жылы келгенин айткан Федерация Кеңешинин төрайымы бул иш сапарында өлкө тездик менен өнүгүп жатканына күбө болгонун, буга Бишкек шаарындагы өзгөрүүлөр мисал экенин кошумчалады.
Жолугушуу алкагында Валентина Матвиенко төрага Нурланбек Шакиевге Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан 400 миңден ашуун кыргызстандыктын архивде сакталган жеке маалыматтары камтылган жыйнактын көчүрмөсүн тапшырды.
Эскерте кетсек, бул жолугушуу Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарынын алкагында уюштурулду.