Кара-Сууда Савай айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана “Кадастрдын" кызматкери кармалды

Кара-Суу районунда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкери жана Савай айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары коррупциялык схема уюштуруга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-августта Кара-Суу районунун Кең-Сай айылынын тургуну Кара-Суу РИИБине арыз менен кайрылган. Ал 17-июлда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын кызматкерлери жана Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп, кызмат абалынан пайдаланышып, Кара-Суу районун Савай айыл аймагынын Кескен-Жар айылынын түндүк чыгышындагы мамлекеттин фондундагы 3,78 гектар жер аянтын жана Курбан-Кара айылындагы 8 гектар жер аянтын жасалма келишимдин негизинде мыйзамсыз башка бирөөгө сатып жиберишкендигин билдирген.

Аталган факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп 2 кылмыш иши козголгон.

1 - Кескен-Жар айылынын түндүк чыгышындагы мамлекеттин фондундагы 3,78 гектар жер аянтын боюнча 17-август күнү Кылмыш-жаза кодексинин 336-берененин 1-бөлүмү (Коррупция)менен кылмыш иши козголуп, 7 миллион 439 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.

2 - Курбан-Кара айылындагы 8 гектар жер аянты боюнча 21-октябрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү менен (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголуп, 7 миллион 940 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.

Мамлекетке жалпысынан 15 миллион 379 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө 9-сентябрь күнү кылмышка шектүү катары “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын кызматкери 1969-жылы туулган Э.Б., Кара-Суу районун Савай айыл өкмөтүнүн жер адиси 1986-жылы туулган Д.М. Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы 1989-жылы туулган А.А. жана Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары 1982-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, камакка алынган.

Учурда Ош ОИИБи тарабынан бул иш боюнча облус аймагында анализ, мониторинг жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан