Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, унаа күйүп кетти (видео)

Чүйдүн Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-ноябрда болжол менен саат 20:59 чамаларында Жантаева-Колхозная көчөсүнүн кесилишинен орун алган.

"Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай карама каршы тилкедеги Хонда Одиссей унаасы менен сүзүшкөн.

Жеринде Фольксваген Пассат унаасынын матор жагынан түтүн чыгып, кырсыктан кийин унаа күйүп кеткен”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жол кырсыктын кесепетинен Хонда Одиссей унаасынын 2 жүргүнчүсү жана Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу Токмок шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.

Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, унаа күйүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан