Менин жерим: Айтматовдун каармандары чыккан Таластагы Кайнар айылы тууралуу баян

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кайнар айылы тууралуу сөз кылабыз. Төө буурчак эгип, булак көзүн ачкан тарыхый жер жөнүндө жергиликтүү тургун Салкынбек Шайлообаев баяндап берет.

Кайнар айылы Көк-Сай айыл өкмөтүнө карайт. Деңиз деңгээлинен 1 190 метр бийиктикте жайгашкан. Казакстан менен чектешип турган эң четки айыл. Түштүгүнөн “Манас тоосу” менен “Чыңгыз чокусу” курчап турса, түндүк күнгөй бетинен Жамбыл шаары жана айыл кыштактары жайгашкан.


“Манас” тоосунун этеги

өсүп өнгөн Кайнарым,

Жери саздак малга жайыт

жылгалуу булак сайларым.

Белгилүү болсун кыргызга

уул кыз өстүр Кайнарым.

Автор: (Керимбай ата)

Айылдын чакан тарыхы:

Аталышы эмне үчүн Кайнар деп аталып калганы туурасында уламыш кептер бар. Илгери соодагерлер ары-бери каттап жүргөн мезгилде, азыркы “Кайнар Булактан” суу ичип, зыярат кылып өтчү экен. Жер алдынан тунук болуп кайнап чыккан булактан улам Кайнар деп аталган деп айтып келишет. Аксакалдардын айтымында аталган булак бүт кыштакты суу менен камсыздап турган имиш. Бүгүнкү күнгө чейин "Кайнар булакты" ыйык тутуп алыстан бери келип сыйынып, дуба кылып, суусун дарылыкка алып кетишет. Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манас” романында, айылдын Төрт күл, Кош-Дөө, "Кайнар булак" сыйыктуу айрым жерлери да баяндалат. Жергиликтүү эл курулуш иштерин жүргүзүп жаткан учурларда эски кылымга таандык кумура, сынган идиштер, ал тургай адам сөөктөрү да чыккан дешет.

Айыл эли дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Төрт мезгил убагында өтүп турат. Кыш 4 айга чейин созулат.

Жаз келери менен дыйкандар жер жыртып эгин себишет. Кайнар айылынын тургундарынын негизги киреше булагы - төө буурчак (фасоль). Май айында себилип, сентябрь, октябрь айларында жыйналып алынат. Азыр техникалар жылдан жылга жаңыланып, жумуш жеңилдей баштады. Мындан сырткары беде, эспарцерт, буудай, жүгөрү, картошка айдашат. Бак-даракка да бай кыштак. Алма, өрүк, алча сыяктуу мөмөлөр бышат. Совет мезгилинде кошуна Көк-Сай айылы менен совхоз бөлүмүнө кирип, мал чарбачылыгы менен алектенишкен. Айыл тургундарынын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенгендиктен жайлоого аз гана чабандар чыгышат. Мал багууга кыйын, анткени жайыт тар. Мал тоодон эгин-тегин жыйналганда гана түшөт. Акыркы убакта кыштоого калган малчылар көп.

Айыл менен районду байланыштырып турган негизги жолдун 2 чакырымга жакын бөлүгүнө асфальт төшөлө элек. Бул тургундарды түйшөлткөн маселелердин бири. Таза суу маселеси боюнча дээрлик көйгөй жокко эсе, ар бир үйдө, көчөлөрдө чыгат. Булак дагы көп. Айыл он бешке жакын көчөдөн турат. Азыркы учурда болжол менен 300дөй түтүн жашайт. Айылдын борборунда жаңы салынган эки кабаттуу мектеп, мечит, китепкана, кичи футбол аянтчасы, маданият үйү, ФАП жайгашкан. Жаңы гана бүтүп колдонууга берилген күрөш залы, ошондой эле кеңейтилип салынып, курулушу жүрүп жаткан “Насип” бала бакчасы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов кошуна Шекер айылынан болгондуктан анын чыгармаларынын айрым жерлеринде биздин айыл дагы айтылат. "Биринчи мугалим" повестиндеги Дүйшөн Кайнардан болгон. Согушка барып жараат алып, кийин балдарга сабак берип баштаган. “Эрте келген турналар” повестиндеги Ак-Сай кош айдоосу биздин айылдын жогору жагындагы тоонун этегинде жайгашкан аймак. Ак-Сай десанттары Султанмурат, Анатай баштаган жигиттер ошол жерде кош айдап, эгин сепкен жер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан