Ошто башка адамдын мейманканасын ижарага берип жиберген 22 жаштагы жигит кармалды

Ошто күнүмдүк ижарага берилүүчү башка адамдын мейманканасын батир катары ижарага берип, тургундарды алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ош шаардык милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда Ош ШИИБине М.Б. аттуу калаа тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучу 7-ноябрь күнү Ош шаарындагы үйлөрдүн бирин айына 12 миң сом берүүгө макулдашып, ижара акысын төлөп, ал батирге киргенин айткан. Бирок эртеси эле үйдүн чыныгы ээси келип, аны чыгарып салган. Ал батир күнүмдүк мейманкана катары берилген үй болуп чыккан.

Мындан сырткары ушундай эле арыз менен милицияга дагы 9 жаран кайрылган.

Аталган факты боюнча шектүүнү издөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада шектүү катары Ош облусунун тургуну 2001-жылы туулган Ж. уулу У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция шектүүдөн кимде-ким жабыркаган болсо төмөндөгү телефон номерлерге байланышып коюуну суранат: 0 558-303-058, 0 559-199 090.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан