Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө (фотобаян)

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкекте боло турган жыйындарынын алкагында уюштурулган иш-чарага Орусия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Тажикстан, Армениянын парламент төрагалары катышууда.

Андан тышкары конференцияда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, коомдук-саясий ишмерлер, Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болду.

Алгач кыргыз парламентинин 85 жылдыгына арналган тасма көрсөтүлүп, андан соң төрага Нурланбек Шакиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин биринчи чакырылышы 1938-жылдын октябрында өз ишин баштаганын эске салды.

Жогорку Кеңештин 85 жылдык тарыхы эгемендикке умтулган кыргыз элинин тарыхы менен тагдырлаш. Совет доорундагы жана эгемен Кыргызстандагы жаңылануулар, өзгөрүүлөрдүн бардыгы Жогорку Кеңештин демилгеси жана колдоосу менен ишке ашып келди. Айрыкча Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы алгач парламент тарабынан тастыкталып, эгемендигибизди далилдеген чечимдердин бардыгы депутаттар тарабынан кабыл алынды”, – деди төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан