Кытайдын Люйлян шаарындагы өрт кырсыгынан 25 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү CCTV телеканалы билдирди.
Маалыматка караганда, тилсиз жоо 16-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 6:50 чамасында Лиулян шаарындагы көмүр ишканасындагы 4 кабаттуу имараттан чыккан.
63 адам имараттан эвакуацияланып, жабыркагандар ооруканага жеткирилген.