Ошто айылдаштарын алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды

Жер тилкесин берем деген шылтоо менен эки айылдашын алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта 40 жаштагы М.К. аттуу жаран Кара-Суу районунун жашоочуларын алдап кеткени айтылат.

Жабырлануучунун сөзү боюнча өткөн жылы чала тааныш адам “жер тилкесин берем” деп андан 250 000 сомду алган. Бирок шектүү сөзүнө турбай жок болуп кеткен.

Ушундай арыз менен милицияга дагы бир аял киши кайрылган. Анын сөзү боюнча шектүү андан жер тилкеси үчүн 180 000 сом акчасын алган.

Арыз ээлеринин кайрылуусунун негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүнү өздүгү такталган. Ал Кара-Суу районунун жашоочусу 1983-жылы туулган М.К. болуп чыккан. Шектүү Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө статуска ээ.

Шектүү Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан