"1,5 миллион сомго алдап кеткен". Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип 54 жаштагы аял кармалды

Базар-Коргондо 1,5 миллион сомдон ашуун акчаны алдап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматта милицияга 3 жаран арыз менен кайрылып, жер алып берем деп алардын акчасын алып, бирок убадасын аткарбай жаткан жаранга чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Алардын айтымында, 2021-жылдын октябрь айынан бери 54 жаштагы аял Базар-Коргон районунун борбордук базарынан жана башка аймактарынан жер алып берем деп акча алып, бирок азыркы күнгө чейин жер алып бербей, же акчасын бербей качып жүрөт.

Бул окуя 209-берене ("Алдамчылык") менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 1969-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

"Эгерде кылмыш ишине шектелген жарандан жабыр тарткандар болсо Базар-Коргон РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө, же 03736 5 01 91 номерине кайрылсаӊыздар болот", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан