Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилерин расмий тосуп алды.
Маалыматка ылайык, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Орусиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Казакстандын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова, Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова, Тажикстандын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин Төрагасы Рустами Эмомали жана Армениянын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Рубен Рубинян келди.
Алгач парламент жетекчилери КМШ ПААнын Кеңешинин жыйынына катышып, күн тартибиндеги маселелерди талкуулайт.