Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү абагында соттолуучу качууга аракет кылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, соттолгон адам качып кетүү максатында мекеменин эскертүүчү жана маскировка тосмосунан өтүүгө үлгүргөн.
Ал ЖАКтын кайтаруу жана конвой менен алып жүрүү департаментинин аскер кызматчысынын бир нече эскертүүчү огунан кийин кармалган.
Аталган факты боюнча Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.