Молдова президентинин Кодруц аттуу ити Австрия лидеринин колун тиштеп алды

Молдованын президенти Майя Сандунун Кодруц аттуу ити Австрия лидери Александр Ван дер Беллендин колун тиштеп алды. Бул тууралуу РИА Новости TVR Moldova телеканалына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Астрия өлкө башчысы Кишинёвго иш сапары менен келген. Эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин президенттик администрациясынын имаратынын короосунда сейилдөө уюштурулуп, анда Александр Ван дер Беллен Майя Сандунун итин эркелетүүгө аракет кылганда, ит колун тиштеп алган.

Окуядан кийин Ван дер Беллен Молдова парламентинин төрагасы Игорь Гросу менен болгон жолугушууга колун таңып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан