Токмокто мушташтан улам 18 жаштагы жигит жаракат алды

Токмок шаарында мушташтан 18 жаштагы тургун жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Чүй ОИИББнин маалымат кызматынан билдиришти.

Мааалыматка ылайык, окуя кечээ, 16-ноябрда катталган.

Анда Токмок шаарынын тургуну дос балдары менен спирт ичимдигин ичип, таңкы саат 04:00 чамасында Ленин көчөсүнөн белгисиз бир жаранга жолугуп, өз ара келишпестиктен мушташа кетишкен. Ошол учурда белгисиз жаран Т.К. денесине жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен.

Аталган факты боюнча Токмок ШИИБи каттоого алып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө баштады.

"Учурда соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен Кылмыш жазык процедуалдык кодекси талаптарына ылайык процедуалдык чечим кабыл алынат",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан