Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров камакта калтырылды. Мындай чечимди кечээ, 16-ноябрда Ош шаардык соту чыгарды.
Маалыматта айтылгандай, мэр 9-декабрга чейин УКМКнын Ош облусу боюнча тергөө абагында болот.
Эскерте кетсек, атайын кызмат тарабынан Дамир Моңолдоров Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармалган.
Ал бул кызматка 2022-жылдын май айында дайындалган болчу.