Токмокто 11 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектүү жаран кармалды

Токмокто жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматта 18-августта социалдык коргоо адиси арыз менен шаарда жашы жете элек кыз өгөй атасы, М.С. менен жашап жүргөнүн билдиргени айтылат.

Аныкталгандай, ал ушул жылдын февраль айынан баштап зордуктаган.

Аталган факты Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренесинде каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган М.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

"Ага айып тагылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган, тергөөнүн жыйынтыгы менен 10-октябрда кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жашы жете элек кыздын апасы 1990-жылы туулган М.В. былтыркы жылы рак оорусунан каза болгону белгилүү болду. Ал эми атасы Т.А. да каза болгонуна байланыштуу кыз өгөй атасы менен жашаганы аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан