Кытайда 1 кылымдан ашык убакыттан өсүп келе жаткан алма дарагы кайрадан түшүм берди

Кытайдын Шаньдун провинциясында дээрлик 1 кылымдан ашык убакыттан бери өсүп келе жаткан алма дарагы кайрадан түшүм берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бак 139 жашта. Ошентсе да бүгүнкү күнгө чейин түшүм берип келет.

Анын таажысынын узундугу 12 метрди түзсө, бийиктиги 6 метрге жакын. Бак багбандар тарабынан кылдаттык менен каралып, зыянкечтерден корголот. Мунун аркасында алма жылына 800 килограмм түшүм берет.

Адатта алма дарактарынын орточо өмүрү 60 жылдан 100 жылга чейин болуп, алар өз өмүрүндө орточо 50-60 жыл мөмө берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан